Россияда жашы жете элек 3 бала Кыргызстанга кайтарылды

Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек Кыргызстандык жарандарын өз мекенине кайтаруунун үчүнчү этабы Россия Федерациясынын аймагында болду. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган репатриация иш-чарасынын алкагында элчилик Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Россия Федерациясынын Самара, Орел, Москва шаарларынан КРнын жашы жете элек үч жаранын мекенине кайтуусун ишке ашырды.

Ошондой эле элчилик тарабынан балдардын мекенине кайтып келүүсү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер таризделди.