Карды тазалоого 10 тонна техникалык туз жумшалды

Бүгүн, таңкы саат 4:00дөн тарта “Тазалык” кызматкерлери шаарды кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине 10 тонна техникалык туз иштетилип, 26 МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү эки кум себүүчү машина, эки алдыңкы щетка жана күрөктүү жүктөгүч, беш трактор жана төрт универсалдуу комбайн жалпы 39 техника колдонулду.

Учурда туз себүү шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүп, 121 жүктөгүч жана 650 тазалоочу нөөмөттө.