Шерадил Бактыгулов: Ушул күнгө чейин бир да президент эл алдында отчет берген эмес

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов президенттин жана өкмөттүн бир жыл ичиндеги ишине баа берди. Анын айтымында өлкө өнүгүү жолуна ишенимдүү баратат.

«Ушул убакка чейинки бардык президенттер элге чыгып отчет берген эмес, жөн гана кайрылуу жасап, маалымат берүү иретинде сүйлөп келишчү. Бийликтин жалгыз ээси болуп эсептелинген эл алдында, жасалган иштер тууралуу отчет берүү дегенди таптакыр көргөн эмеспиз.  Азыркы маалда өз көйгөйлөрүн чече албай жаткан карапайым калк айылына, регионуна байланыштуу маселелерди президент менен жолугушууда ачык-айрым айта алат. Мындай көрүнүштөр Министрликтер менен ведомстволордун ишинин негизине айланып калды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу бизнес-долбоорлорду түз каржылоо механизмдери иштей баштады. Ортомчу банктардын кийлигишүүсүз жүрүп жаткан бул аракеттер бизнес өкүлдөрүнүн ишин кыйла оңойлотууда.

Бул жылдын ичиндеги 11 айда Кыргызстандын бюджетине 162 млрд сом чогулду. Буга чейинки беш жылдык убакыт арасындагы эң чоң көрсөткүч 148 млрд болчу. Президент берген убадалары кандай аткарылып жатканын айтып уланта берсек да болот. Андан көрө анын отурумда сүйлөгөн сөздөрүн угуп көрүш керек.

Айрыкча белгилей кетчү маселе, Республиканын коопсуздугу үчүн эгемендүүлүктөгү 30 жыл ичинде өлкөбүз аскердик тик учак, учкучсуз учуучу аппараттарды биринчи жолу сатып алды. Ошондой эле офицерлердин алган акчалары да дээрлик эки эсеге өстү.

Мамлекетибизде 30 жыл бою турмуштун бардык тармактарында жана жарандардын ишмердүүлүгүндө көйгөйлөр топтолуп, чаташып калган эле. Жөнөкөй эл менен болгон маектер учурларында кыргыз бийлигинин дарегине берилген түрдүү бааларды угуп келчүбүз. Азыркы маалда бардыгы жакшы жакка өзгөрөт деген ойлор басымдуу болуп жатканы талашсыз. Бул үмүттөрдү биз 1990-жылдары жоготуп алдык эле, эми мынтип кайра жанданып келүүдө”.