Интернет тармактары аркылуу ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууну жөндөп алган интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнын тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттарын сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды.
Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267-беренеси боюнча (эски редакцияда) катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “көзөмөлдөп сатып алуу” жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө Аламүдүн районундагы Пригородный айылынын аймагынан кара изолентага оролгон баңгизат каражаты алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабис чайыры (гашиш) болгон.

WhatsApp Image 2021 12 22 at 09.27.32 Интернет тармактары аркылуу ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууну жөндөп алган интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды


Андан аркы, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда интернет-дүкөндүн уюштуруучусу Б.И. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Анын жашаган дареги боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда айдалган кара куурайдын уругу, интернет дүкөндү башкаруу үчүн пайдаланылган уюлдук телефон, ошондой эле акча каражаттарын чыгаруу үчүн банктык карталар табылган.

WhatsApp Image 2021 12 22 at 09.27.33 1 1 Интернет тармактары аркылуу ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууну жөндөп алган интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды


Уюлдук телефонго талдоо жүргүзүү учурунда “Telegram” социалдык тармагында, баңгизат каражаттар жана психотроптук заттар сатылуучу «Сакура шоп» деп аталуучу профиль, ошондой эле жашыруун жайлардын жайгашуу орундары менен сүрөттөр табылган. Ал жактарга кароо жүргүзүү учурунда баңгизат каражаттары менен даярдалган 10 жашыруун жер табылган.

WhatsApp Image 2021 12 22 at 09.27.33 2 Интернет тармактары аркылуу ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууну жөндөп алган интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды


Азыркы учурда, аталган факты боюнча соттук-химиялык экспертиза, башка интернет-дүкөндөрдү аныктоо предметине электрондук алып жүрүүчүлөргө талдоо жана текшерүү дайындалып, аталган кылмышка тиешеси бар жарандардын инсандыгын аныктоо боюнча катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кармалган Б.И. аттуу жаран Бишкек шаарынын тергөө изоляторуна 2 ай мөөнөткө кармоо бөгөт коюу чарасы колдонулган.
Белгилей кетсек, интернет-дүкөн өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн популярдуу кылуу максатында, Интернет тармактарында мыйзамсыз жарнамалоо менен алектенип келген.

YouTube video

ИИМдин Басма сөз кызматы