Сокулук районунда унаа жылкыны сүзүп кетти

Сокулук районунда унаа жылкыны сүзүп кетти. Видео “Короче” Telegram-каналында жарыяланды.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, кырсык бүгүн түнү Кашка-Баш айылында болгон. Ат унаанын чатырын жарып кирип, машинанын ичине кирип кеткен. Айдоочунун абалы боюнча маалыматтар такталууда.

Окуя Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  тарабынан такталып жатат.