Аялдын жансыз денеси эки ай карагайда илинип турган

Фото иллюстративное

Ысык-Көл облусу боюнча кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнө 10-апрелде Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 6-февраль 2023-жылы дайынсыз жоголгон жана издөөгө жарыяланган бейтаптын сөөгү табылгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Сөөк интернаттын аймагында карагайга илинип турганы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум даракта эки айдан ашык илинип турган.

Улуттук борбордун кызматкерлери жана тартылган эксперт Ак-Суу психоневрологиялык клиникасына барып, мекеменин жетекчилиги жана каза болгон бейтаптын бөлмөлөштөрү менен жолугушуп, окуя болгон жерди карап чыгышты.

Тергөөчүнүн айтымында, өлүм боюнча иш ачык жана экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.