Дубайдан Кыргызстанга 1,5 миллион сомдук контрабандалык зер буюмдарды алып кирүүгө аракет кылынган

“Манас” бажысы дээрлик 1,5 миллион сомдук контрабандалык зер буюмдарды алып кирүүгө аракет кылгандарга бөгөт койду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дубайдан “Манас” аэропортуна учуп келген жүргүнчүлөрдүн бири жалпы салмагы 453,65 граммды түзгөн зер буюмдарын алып өтүүгө аракет кылган. Товардын жалпы баасы 1 миллион 406 миң 315 сомду түзгөн (1 граммы 3 100 сом).

Бажы кызматкерлери чогултулган материалдарды Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасына өткөрүп беришти.