Өзбекстандын эки жараны алтын буюмдарды алып өтүүдө кармалды

«Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек ара аркылуу алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан Өзбекстандын эки жараны — 1999-жылы туулган Я.А. жана 1978-жылы туулган К.Ф. кармалган. Алар декларация толтурбастан бажы мыйзамдарын качып, алтын буюмдарын чөнтөктөрүнө салып өтүүгө аракет кылышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аткезчилик жол менен алынып келинген алтын буюмдардын жалпы суммасы 595 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

whatsapp image 2023 03 16 at 14 43 02 1 Өзбекстандын эки жараны алтын буюмдарды алып өтүүдө кармалды