Жеңишбек Токторбаев жаранды сабады деген маалыматка жооп берди

Социалдык тармактардагы “депутат Жеңишбек Токторбаев бир жаранды сабап койду” деген пикир боюнча, Токторбаев өзүнүн пикирин айтты.

“Социалдык тармактарда тарап жаткан мен тууралуу кептер менен тааныштым. Кээ бир журналист кыздарыбыз бул нерсени чоң көйгөй кылып салышты. Туура, андай окуя болгон, бирок ага мен кол көтөргөн эмесмин, ал куруучу эмес электрик. Сардор аттуу жигит менен бир жылга келишим түзгөнбүз. Ал колуна тогуз жүз миң сом алган, негизи миллион сомго келишим түзүлгөн. Бир жылдан бери ал жумушун аткарбай койгондуктан, жаман сөздөр менен урушканбыз”, – деди депутат.

YouTube video