Бишкекте аял 3,3 млн сомдук зер буюмдарын алдаткан. Изин жашырган аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрелде милицияга Ш.А. аттуу аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл 1-апрелде Ош базардагы соода борборунун биринде Т. аттуу аял Талас менен Казакстанга сатууга көмөктөшүүнү убадалап, баасы 3 млн 354 миң сомдук зер буюмдарды (салмагы 663 грамм) алып, алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 53 жаштагы Б.Т. аттуу аял киши кармалган. Райондук соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө иштеринин жүрүшүндө алдамчылык жолу менен алынган зер буюмдардын бир бөлүгү табылып алынып, далил зат катары ишке тиркелген.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы текшерилүүдө.

Иликтөө иштери уланууда.

347071308 493893126204184 3412198022489735587 n Бишкекте аял 3,3 млн сомдук зер буюмдарын алдаткан. Изин жашырган аял кармалды
347441626 257277756806854 6734734780617258394 n Бишкекте аял 3,3 млн сомдук зер буюмдарын алдаткан. Изин жашырган аял кармалды
6546738a 05c5 4ac5 9a8b a231a307e475 Бишкекте аял 3,3 млн сомдук зер буюмдарын алдаткан. Изин жашырган аял кармалды
Бишкекте аял 3,3 млн сомдук зер буюмдарын алдаткан. Изин жашырган аял кармалды