Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттар акыркы сессияга чогулушту.
6-чакырылыш 2015-жылдын октябрында шайланган. Мыйзамдын негизи боюнча бул чакырылыштын мөөнөтү 2020-жылдын октябрында аяктап, бирок 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Андан кийин VI чакырылыштын иштөө мөөнөтү узартылган.