Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына вице-мэр Нурдан Орунтаев келди

Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына вице-мэр Нурдан Орунтаев келди.

Буга чейин депутаттар “Батуми” кафесинин абалы жана Төкөлдөштөгү жер маселеси боюнча мэриянын маалыматын угууну чечишкен.

Эске сала кетсек, Нурдан Орунтаевге “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.