Гараж кооперативдеринин мүчөлөрү митингге чыгышты

 

Бишкекте гараждарды бузууну токтотуу талабы менен мэриянын жанында гараж кооперативдеринин мүчөлөрүнүн митингге чыгышты. Алар мэриянын гараждарды буздуруу чечими мыйзамсыз экенин айтууда.

Чогулгандарга вице-мэр Нурдан Орунтаев чыгып, шаар башкармалыгынын позициясын түшүндүрүүгө аракет кылды.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев үн күчөткүчтү алып чыгып, шаар мэрин чакыргыла деген талаптарын айтып кыйкырган митингчилердин сөзүнө кийлигише баштады. «Силер митингге кийлигишкени жатасыңарбы?” деген суроого чиновник оң жооп берип, “Биз макулдашууну талап кылабыз!» деп кыйкыра баштады.