Парламент депутат Бакытбек Жетигеновду жоопкерчиликке тартуу маселесин карамакчы

22-декабрда Жогорку Кеңеш депутат Бакытбек Жетигеновду жоопкерчиликке тартуу маселесин карайт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртеңки жыйындын күн тартибинин долбоорунда Бакытбек Жетигенов Жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурордун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралат.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Жетигеновду 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздантып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.