Нарында жубайлар унаада тоңуп каза болду

Нарында жубайлар унаада тоңуп каза болушту. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

MyCollages 1 19 Нарында жубайлар унаада тоңуп каза болду

Белгиленгендей, унаадан табылган сөөктөр тууралуу маалымат милицияга 20-декабрда келип түшкөн.

Чакыруу болгон жерге барган ыкчам кызматкерлер Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынан токтоп турган Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны табышкан, анын ичинде 38 жана 39 жаштагы эркек жана аялдын сөөгү табылган.  Алар жубайлар болгон.

Алдын ала кароодо маркумдар тоңуп каза болгону аныкталган, сөөктөрдө зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Учурда керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда, жубайлар газга ууланышкан. Алардын артында беш баласы калды.