Кыргыз-Тажик чек арасындагы каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Кыргыз-Тажик чек арасындагы каналдан эркек кишинин жансыз денесин табышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда саат 15:50дө Лейлек РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Тажикстандын Овчу-Калача айылы менен Баткендин Интернационал айылынын ортосундагы Козубаглан каналынан саат 12:30 чамасында белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы кабарланган.

«Аталган факты каттоого алынып, Лейлек райондук соттук медициналык бюронун эксперти менен биргеликте жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, эч кандай зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркум Кыргыз жараны, Интернационал айылынын тургуну экени аныкталды. Учурда жансыз денеге соттук медициналык экспертиза дайындалды», — деп берилет маалыматта.