Тажик-кыргыз чек арасында зым менен казыктарды орнотуу учурунда пикир келишпестик орун алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 23-январы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Бүгүн 2022-жылдын 23-январы болжол менен саат 14.40 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын Сай жерлигиндеги Козу-Баглан дарыясынын аймагында Эски-Оочу айылынын бир топ жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагынын такталбаган аймагына мал-жандыктары кирип кетпеши үчүн зым менен казыктарды орнотуу жумуштарын башташкан.

Бул иштерди жүргүзүү 2022-жылдын 21-январы мамлекеттик чек аранын аталган аймагында жайгашкан Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара застава башчылары менен макулдашылган.

Бирок зым менен казыктарды орнотуу учурунда Тажикстандын чек ара кезмети келип тосмону орнотууга эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн чечими керек деген шылтоо менен жумуштарды токтотууну талап кылышкан. Чыр-чатакты болтурбоо максатында Кыргызстандын жарандары тосмо тосуу жумуштарын убактылуу токтотушкан.

Бул маселени чечүү үчүн жакынкы убактарда Кыргызстандын Лейлек багыты жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландаштырылган.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагын көзөмөлгө алып турат.