Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жапаров Ош мамлекеттик университетине барат жана бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош шаарын өнүктүрүү программасы жана борбордук көчөлөрдөгү транспорттук тыгындарга жол бербөө максатында иштелип чыккан унаа жолдорун куруу долбоору менен таанышат.  

Акылбек Жапаров ошондой эле Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча долбоору менен таанышат.