Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуу иштери кайрадан башталды

Бүгүн, 20-декабрда Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуу иштери кайрадан жанданды. Бул тууралу «Кыргыз көмүр» ишканасынан басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкекке эртең, 22-декабрда келет.

Эскерте кетсек, аталган ишкана тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан тарта көмүр казуу иштерин бир жумага токтоткон. Бирок, Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр үзгүлтүксүз жеткирилери айтылган.