Сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” автордук көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү

16-декабрда Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда “Автордук укук – креативдүү индустрияны өнүктүрүүнүн негизи” иш-чаралар сериясынын алкагында сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” автордук көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү.

4L7A7113 Сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” автордук көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү

М. Асаналиевдин эмгектери “Манас – кыргыз касиети” анимациялык ролигинин негизин түзөт. Иш-чаранын алкагында Айбек Байымбетовдун жана Жаныш Ботойдун автордук-режиссердугу астында тартылган анимациялык роликтин бет ачары болду.Көргөзмөдө автордун жаңы сүрөттөрү жана анын негизинде тартылган анимациялык ролик сүрөтчүлөрдүн, акын-жазуучулардын, илимпоздордун, манас таануучулардын жана манасчылардын көңүлүн өзүнө бурду.

Иш-чарага КРнын Перезидентинин аппаратынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Венгриянын жана Монголиянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин, эл аралык жана коомдук фонддордун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ЖОЖдордун мугалимдери катышты.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана “7-небо” чыгармачылык студиясы тарабынан уюштурулду.

4L7A7110 Сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин “Манас Рух гүлазыгы” автордук көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү

Өнөктөштөр: Борбор Азия университети жана “ИСУР” коомдук фонду.