Пенсионерге орой мамиле жасаган айдоочу 1 айга жумуштан четтетилди

Жалал-Абадда пенсионерге орой мамиле жасаган айдоочу 1 айга жумуштан четтетилди. Бул тууралуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Айгерим Абдыкаарова билдирди.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарындагы №110 маршруттук каттамдын Эмил Сыдыков аттуу айдоочусу менен пенсионердин ортосунда жол акысы боюнча чыр чыккан.

Окуя териштирилип, жүргүнчүгө орой мамиле жасаган айдоочу бир айга убактылуу жумуштан четтетилди. Эгер мындай учур дагы кайталанса айдоочу каттамдан чыгарылат.

Эске салсак, шаар мэри Эрнисбек Ормоков мектеп окуучуларын салбай кеткен, жол акысын бекитилген тарифтен жогору алган айдоочулар жумуштан алына турганын эскерткен.