Жапаров футболдо хет-трик жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышып, эки гол жаратты.

image 38 10 Жапаров футболдо хет-трик жасады

Президенттик администрацияны командасы экинчи оюнун «Федерациялар» командасына каршы ойношту. Оюн башталып калыстын ышкырыгы жаңырары менен Садыр Жапаров алгачкы голду жаратып, эсепти ачты. Андан соң кайрадан Жапаров гол киргизип эсепти 2:0 кылды.

Кийин оюндун экинчи бөлүгүндө «Федерациялар» командасы 2 гол киргизип, эсепти теңешти.

Бирок оюндун соңунда дарбазанын үстүңкү бурчуна сокку узаткан Жапаров командасына жеңишти алып келди. Муну менен ал хет-трик жасады.

Буга чейин президенттик администрациянын командасы менен өнөр адамдарынын командасы беттешип, оюн 2:2 менен аяктады.