Бактыбек Калмаматов: Бийликти бир колго чогултуп алуу – бул ачкөздүк… Биз жаңы партия түзөлү деп турабыз

Жаңы шайланган VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин курамы, президенттин бийлигинин күч алуусу жана алдыдагы өзүнүн пландары боюнча BULAK.KG сайтына “Азаттык” партиясынан талапкер болгон Бактыбек Калмаматов айтып берди

ЖКнын VII чакырылышы боюнча пикириңиз кандай?

Жаңы чакырылыштын мүнөзү, дарамети, интеллектуалдык деңгээли кандай болору азыртадан эле белгилүү болуп калды. Мамлекетте кандай гана башаламандыктар, түрдүү кризистер болуп жатат. Алардын эч кимиси унчуккан дагы жок. Анткени бийликтин өзүнүн партиялары өтүп келди. Демек, алар бийликтин позициясын айтып, камчысын чапкан күнкарама гана болот. Оппозициялык маанайдагы партиялардан “Бүтүн Кыргызстан” эле өттү, бирок, 90 депутаттын ичинен алты депутат эч нерсени кыла албайт, күчү жетпейт. Буга байланыштуу бул парламенттин 6-чакырылыштан айырмасы болбойт.

Садыр Жапаровдун бийлигинин күчтөнүүсү эмнеге алып келет?

Илгери “Алга Кыргызстан” деген партия Акаевдин башын жуткан, андан кийин Бакиевдин “Ак жол” деген партиясы да анын мамлекеттен куулуп кетишине алып келген. Андан соң өзүңүздөр билгендей Атамбаевдин “КСДП” партиясынын аягы да жакшы бүткөн жок.

Жаңы кабыл алынган Конституция абсолюттук президенттик, хандык режимге алып келип койгон. Ал эми, азыр праламент да толук колго өтүп, натыйжада өзүм билемдикке, өкүмзардыкка жана бир адамдын акылына, ой жүгүртүүсүнө жараша жашоого алып келет. Бир адамдын акылы, дарамети канчалык экенин көрүп жатасыздар. Бир жылда мамлекет болуп көрбөгөндөй чоң кризистерге кирип кетти.

Бийликти бир колго чогултуп алуу – жөнөкөй тилде айтканда ачкөздүк деп эсептейм. Ачкөз адамдын кыймыл-аракеттери эмнеге алып келерин жакшы билесиздер. Айтор, жакшылыкка алып келбейт.

Мындан аркы пландарыңыз кандай? Саясий талаадан кетпейсизби?

Мен саясаттан четтебейм, мындан ары да мамлекеттин бакубат турмушу үчүн, элдин жаркын келечеги үчүн күрөшүбүздү уланта беребиз. Буйруса 10-январдан кийин, биз жаңы саясий партия түзүүнү максат кылып турабыз. Азырынча аталышын жана форматы кандай болорун аныктай элекпиз. Алдыда маалыматтарды беребиз.