Жанар Акаев: “БШК токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш”

Жанар Акаев анын мандаты талашка түшкөнү тууралуу жеке баракчасына мындай деп жазды:

“Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук!

БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун!

БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда, партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Эки күн убакыт алып, БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан салам-дубай айттырып, маселени бышырып, кайра дагы алып чыгышты. Кайра кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана Альянска, анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы, тообо! Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш.

Мунун баарына жакынкы тарых баасын берет буюрса. Акыйкаттык азыр чыкпаса, кийин чыгат.

Мен жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын биримин. Гендердик баланс, аялдардын квотасы үчүн күрөшүп, азыркы мыйзамдарды колдогом.

БШКнын чечимине мен Токтобүбү Оргалча эжени айыптабайм, маселе анда эмес, БШКда.

Партиялык баалулукту жогору коюп, Альянстын ишмердигин күчөтө беребиз.

Мени колдогон элиме чексиз ыраазымын, эч бир каражатсыз беш миң адамдын таза добушу мага дайыма сыймык! Дайыма эл тарапта, чындык тарапта болуп келгенбиз, саясий ишмердигибиз күчөйт, саясатта айтчу сөздөр али алдыда! Аманчылык тилейм” , – деди ал.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Ага ылайык, «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алып калат.

Ал эми БШКнын шайлоо бүткөндөн кийин жобону өзгөртүүсү шек жаратып жатат деген «Альянс» партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсү боюнча сотко кайрыла тургандыктарын кабарлаган.