45 миң доллар опузалап акча алган Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды

Пара алуу фактысы боюнча кармалган Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Улан Уезбаев 6-декабрда УКМК тарабынан кармалып, ошол эле комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал транспорт жана коммуникация министринин орун

басарынын милдетин аткарып турган кезде 45 миң доллар опузалап акча каражатын алганы айтылган.