Сургутта унаа оңдоочу жайда газ баллон жарылып, 3 кыргызстандык жабыркады

Ханты-Мансийск автономдуу округунун Сургут шаарында 15-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча 8:00дөр чамасында унаа оңдоочу жайда газ баллон жарылып, 3 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылуунун кесепетинен 10 адам жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын арасында кыргызстандык үч жаран бар: 1979-жылы туулган Э.Ж.И., 1981-жылы туулган К.Б.Х., 1990-жылы туулган Х.Э.К. Жарандардын абалы орто деп бааланууда. Алардын бары Сургут шаарынын күйүк борборуна жаткырылган.

Аталган унаа оңдоочу жайда унааларга газ жабдыктарын коюу жана тейлеп келген. Алдын ала маалымат боюнча, газ баллонунун басымы түшүп кеткен. Жарылуудан улам имараттын чатыры кулап түшкөн.