Бакиевдин жээни Сымбат Маратбек Кыргызстанга 100дөн ашык электромобиль алып келет

Экс-президент Курманбек Бакиевдин жээни Сымбат Маратбек 2022-жылдын январында Кыргызстанга 100дөн ашык электромобилдерди алып келет. Бул тууралуу ал Марал радиосуна берген маегинде билдирди.

1c1ecc2b10b29faac7bb7b2648069d80 Бакиевдин жээни Сымбат Маратбек Кыргызстанга 100дөн ашык электромобиль алып келет

Анын айтымында, учурда электромобилдер үчүн электр кубаттоочу станциялар орнотулууда.

Ал кубаттоочу станцияларды стратегиялык объектилерге, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы жана Бишкек шаарындагы соода борборлоруна орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.

«Учурда Кыргызстанда 400гө жакын электромобил бар. Биз таксилерди жана коомдук транспортторду электромобилдерге өткөрүү аракетин көрүп жатабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Сымбат Маратбек Кыргызстандын Германиядагы мурдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Марат Бакиевдин кызы. Ал Курманбек Бакиевдин иниси.