Акылбек Жапаров Дубайдагы «Smart City» «Акылдуу шаар» борборуна барды

Акылбек Жапаров БАЭге болгон жумушчу сапарынын алкагында Дубай шаарынын полициясынын «Smart City» «Акылдуу шаар» борборуна барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал борбордун ишмердүүлүгү жана инновациялык башкаруу системасы менен таанышты.

61b8a801cfcfd thumb Акылбек Жапаров Дубайдагы «Smart City» «Акылдуу шаар» борборуна барды
61b8a80284b4f thumb Акылбек Жапаров Дубайдагы «Smart City» «Акылдуу шаар» борборуна барды

Министрлер Кабинетинин башчысы «Smart City» борборунун алдыңкы тажрыйбасын изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, коомдук тартипти жана жарандардын, ошондой эле өлкөгө келген туристтердин коопсуздугун камсыздоонун артыкчылыгын белгиледи.