Бишкекте №62 мектеп онлайн окутууга өттү

Бишкектеги №62 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, билим берүү мекемесинде COVID-19 инфекциясынын эки учуру катталган. Алардын бири мугалим болсо, экинчиси окуучу.

«Ошондой эле №56 мектептин жогорку класстары жана №26 жана 37 мектептеринин бирден класстары онлайн окутууга өттү», — деди ал.