Караколдо жол коопсуздугунун кызматкерлери улгайган адамдарга жардам беришти

Каракол шаарында жол коопсуздугунун кызматкерлери улгайган адамдарга жардам көрсөтүштү

WhatsApp Image 2021 12 10 at 12.26.37 2 1 Караколдо жол коопсуздугунун кызматкерлери улгайган адамдарга жардам беришти

Каракол шаардык ички иштер бөлүмү боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкерлери азык-түлүк түрүндөгү материалдык жардамды, минималдык өлчөмүндө пенсия алган улгайган адамдарга көрсөтүштү.


Кызмат бөлүмчөсүнүн жетекчиси Талайбек Намазбековдун айтымында, өздүк курам тарабынан эң керектүү болгон азык-түлүктөр сатылып алынып, шаарда жашаган 8 кары адамдарга тапшырылып берилди.

WhatsApp Image 2021 12 10 at 12.26.37 Караколдо жол коопсуздугунун кызматкерлери улгайган адамдарга жардам беришти


«Ар бир адамга, мейли ал чочун адам болсун, аларга жакшылык кылуу, кыйынчылыкты жаратпайт. Эгерде, жүрөгүңдө жылуулуктун кичинекей бир бөлүкчөсү болсо, анда ал жылуулукту башкаларга тартуулоо керек. Балким ошондо, рухий байлыгыбыздын бөксөсү толуп, дүйнөбүз оңолмок», – дейт Т. Намазбеков.

WhatsApp Image 2021 12 10 at 12.26.38 Караколдо жол коопсуздугунун кызматкерлери улгайган адамдарга жардам беришти

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы