Шайыр Касымалиеванын апасы, белгилүү гримёр Гүлнара Суранчиева дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиеванын апасы, белгилүү гримёр Гүлнара Суранчиева 74 жаш курагында дүйнө салды.

Ал көп жыл Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында гримёр болуп эмгектенип, театрдын грим бөлүмүн жетектеп келген.

Булак.кжнын эмгек жамааты Гүлнара Суранчиеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.