Ардактуу энергетик Жамалбек Түлөбердиев дүйнө салды

Кыргыз ССРнин эмгеги сиңирген ардактуу энергетиги Жамалбек Түлөбердиев 18-августта 88 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жамалбек Түлөбердиев Москва суу чарба инженерлеринин институтун аяктап, 1956-жылы эмгек жолун баштаган. Аламүдүн ГЭСинин кыркасынын гидротехникалык цехинин улук устаттык кызматынан Мамлекеттик акционердик холдинг энергетикалык компаниясынын (Кыргызгосэнергохолдинг) президентинин жолун басып өттү.

Жамалбек Түлөбердиевдин кол алдында Кыргызстандын энергетикалык тармагынын пайдубалы түптөлүп, ири ГЭСтер, жылуулук борборлору, аба электр чубалгылары, көмөк чордондор, жылуулук тармактары курулган.

Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери долбоордук кубаттуулуктарына жеткирилген, Бишкек шаарынын ЖЭБинде жаңы кубаттуулуктар киргизилген, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай жана Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу боюнча даярдык жумуштар башталган. Нарын дарыясынын суу ресурстарынын гидроэнергетикалык пайдалануусунун долбоорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, Токтогул ГЭСинин кыркасынын курулушуна зор салымын кошкон. Түлөбердиевдин түздөн-түз катышуусу менен Орто Азия менен Казакстандын биргелешкен энергетикалык тутуму түзүлгөн.

Жамалбек Түлөбердиев Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, Эмгек Кызыл Туусу эки ордени, “Элдер достугу” ордени, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган, СССРдин жана Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыктарынын Лауреаты, “Кыргыз ССРнин эмгеги сиңген энергетиги” жана “СССРдин Ардактуу энергетиги” наамдары ыйгарылган.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.