Эмгек сиңирген энергетик Ильяс Давыдов каза болду

Кыргызстандын энергетика тармагы оор жана орду толгус жоготууга учурады. 2023-жылдын 4-мартында 82 жаш курагында Эмгек сиңирген энергетик, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Давыдов Ильяс Абдуллович каза болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

И.А. Давыдов менен коштошуу зыйнаты эртең, 5-мартта, саат 10:00дө КР Энергетика министрлигинин имаратынын жанында өтөт.

Bulak.kg редакциясынын жамааты Давыдов Ильяс Абдуловичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.