Боршайком Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жообуна тартууга макулдугун берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жообуна тартууга макулдугун берди. Бул тууралуу Азаттык билдирет.

6-декабрда БШКнын отурумунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Таштанбековду жоопко тартууга макулдук тууралуу өтүнүчү бир добуштан канааттандырылды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул чечим саясатчынын талапкерлик макамына таасир этпей турганын, нааразы тараптар сотко кайрылууга укуктуу экенин айтты:

“Биз кандай чечим кабыл албайлы, ал азыр талапкердин макамына таасир этпейт. Акбөкөн Таштанбеков талапкер бойдон калып жатат”.

Бүгүнкү жыйынга УКМКнын тергөөчүсү Улук Бараканов катышып, Таштанбековго козголгон иш боюнча маалымат берди жана ал адвокатка муктаж эместигин айтканын, ишке тиешеси бар башка адамдар да изделип жатканын маалымдады.

Саясатчынын жактоочусу Жылдыз Касаналиева атайын кызмат Таштанбековду жактоочусу менен жолуктурбай койгонун, шайлоодогу атаандаштары аны жарыштан четтетүүгө аркет кылып жатышканын билдирди.

«Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Таштанбеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышып, эң көп добуш алган.