Коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 7-декабрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жаңы табылган учурлар облустар боюнча:

  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 24;
  • Ош облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусунда – 7;
  • Жалал-Абад облусунда – 6.
  • Ал эм Бишкек шаарында – 21 адамдан табылды.

Эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 59 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 407 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 712 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 710 киши айыгып чыкса, 2 миң 762 адам каза болду.