Көл-Төр көлүнө чыккан турист каза болду

Чүй районундагы Кегети капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга саат 13:22лер чамасында 70 жаштагы кореялык турист белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.