Блогер Дава жардам берген кыздын апасы абакта экени белгилүү болду

Орусиялык блогер Дава жакында эле кыргызстандык кызды Дубайга чакырып, кубанткан эле.

Кыргыз кызы блогерге кандай көйгөйлөрү жаралганын жана эмне үчүн мигрант болуп жүргөнүн айтып берди.

“Апам азыр абакта. Аны көп карызы бар үчүн камап салышты. Карантин убагында бир эле жолу көрдүм. Менден башка иним да бар. Апамды аябай сагындык. Мен карызды төлөп, эч нерседен муктаж болбогондой кылгым келет. Мен окусам эле бутума туруп кетем”, – деп ишендирди блогерге ал.

Блогер Давид Манукян Кыргызстанга келип, апасына жолугаарын айтты. Ал ошондой эле кызга бардык карыздарын төлөп берээрин кошумчалады.

Комментарийлерде кыргызстандыктар колдоп-коштошуп, көпчүлүк жарандар ыраазычылыгын билдирип, турмуштун оор кырдаалына кабылган кыздын ахыбалын түшүнүштү.

Бул ирээт Дава өзү айткандай, Кыргызстанга учуп келет.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.