«Мыйзам, Манас ар дайым биз менен деген маанидеги декларация катары кабыл алынган», — Касмамбетов

Бүгүн, 4-декабрда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Манас» эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик катчы Манас эпосунун артында жалпы кыргыз эли турганын белгилеп, 9 жыл мурун «Манас жөнүндө» мыйзам үч окууда талкуусуз кабыл алынганын эске салды.

«Бул мыйзамда «Манас» эпосу кыргыз элине таандык жана сыймыгы экени жазылган. Мындан тышкары, мыйзам эпосту ар кыл деструктивдүү жана бурмалап чечмелөөдөн коргойт. Мыйзам, Манас ар дайым биз менен деген маанидеги өзүнчө декларация катары кабыл алынган», — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Касмамбетов өлкөдө жаш манасчылардын саны көбөйүп жатканын кошумчалады.

«Манас ар дайым биз менен жана ал элибиздин маданиятынын өзөгүн түзөт. Бүгүн „Манас“ эпосу радио, телевидение жана башка медиа каражаттарда жаңырууда. Биз мындан ары да манас таанууну өнүктүрүп, жаңы жаш таланттар — манасчыларды тарбиялайбыз», — деди ал.