Бишкекте 1951-жылы туулган Галфия Шабурова дайынсыз жоголду

Бишкекте 1951-жылы туулган Галфия Шабурова дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңеши билдирди.

Маалым болгондой, ал 1-декабрь күнү саат 13:44 чамасында Ахунбаева, 125 көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон ушул күнгө чейин белгисиз.

Ал кышкы үңүрк кызыл капюшондуу куртка, көк джинсы шым, ак кроссовка кийип кеткен.

Белгилери: бою 165 см, салмагы 85-90 кг. Чачтары узун, ак аралашкан кара-күрөң түстө.

Аял багытын жоготуп жиберүүсү мүмкүн жана психикалык оорудан жабыркайт.