Чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүктөргө бөгөт коюлду

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Интернационал айылында 1995-жылы туулган Кыргыз жараны А.Ш.нын башкаруусундагы Opel Zafira үлгүсүндөгү унаа кармалып, унаанын салонунан Тажикстанда өстүрүлгөн 470 килограмм мандарин табылган.

Ошондой эле Лейлек районунун Беш-Кент айылында чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан Ниссан үлгүсүндөгү унаанын 1988-жылы туулган айдоочусу кармалган. Текшерүү учурунда Тажикстандан 500 килограмм жүзүм алып кирүүгө аракет кылганы аныкталды.

Учурда териштрүү иштери жүрүүдө.