Текебаевге кол салган бала менин өкүл балам эмес, ал үйлөнө элек, – Урмат Самаев

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Өмүрбек Текебаевге кол салгандар анын жакындары эмес экендигин Bulak.kg редакциясына билдирди.

— Кармалган Ыбыш Эшпаев кантип менин өкүл балам болот, эгер ал үйлөнгөн эмес болсо? Ал таптакыр үйлөнө элек бала. Ал болгону 22 жашта. — деп билдирди Урмат Самаев. — Ал менин айдоочум да болгон эмес. Ооба, мен аны жакшы билем. Мен бардык токмоктуктарды жакшы тааныйм.

Себеби мен ушул жерде туулуп,өскөм.

Мэрдин айтымында ушундай чагымчыл күчтөр, мамлекетте стабилдүүлүктү каалабай, ар дайым ызы-чууга аралашып жүрүшөт.

— Социалдык тармактарда мени эмнегедир балдарды чогултуп, мен уюштурганымды айтышууда. Эгер «Ата Мекен» партиясынан бир да өкүл Токмоктон талапкерлигин койбосо, мындай кадамдарга баруу менин кызыкчылыгымды эмес.

Өмүрбек Чиркешович Текебаевге менин пикирим жакшы, ортобузда эч кандай тирешүү жок. Ал эми айтылгандардын баары жалган, – дейт Урмат Самаев.