Мирбек Мияров тоого чыгып, эми үйүнө кайтып келди

«Ордо» партиясынын дайынсыз жоголгон лидери Мирбек Мияров үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Мирлан Мамытов билдирди.

Анын айтымында, Мирбек Мияров байланышка чыгып, эки күндөн бери кайда жүргөнүн түшүндүргөн.

«Биздин жетекчи тоого кеткен экен. Ал жерде анын телефонунун батареясы түгөнүп, унаасы бузулуп калган. Жубайы анын кайда экенин билгендиктен милицияга кабарлаган эмес», — деди Мирлан Мамытов.