Швейцариялык долбоор кан басымы жогору жарандар үчүн Бейтаптар мектебин ишке киргизди

Diabetes monitor, Cholesterol diet and healthy food eating nutritional concept with clean fruits in nutritionist's heart dish and patient's blood sugar control record with diabetic measuring tool kit

Швейцария долбоору кант диабети менен ооруган жана кан басымы жогору 45 миңдей бейтапка жардам берет.

Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.

Маалыматка караганда, жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу боюнча швейцариялык долбоор Кыргызстандын түндүк аймактарында 2-типтеги кант диабети жана кан басымы жогору жарандар үчүн Бейтаптар мектебин ишке киргизди.

Бул үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында 700дөй медайым каттоодо турган бейтаптар менен иштөө үчүн атайын даярдыктан өттү.

Учурда бул ооруга чалдыккандардын 40% Бейтаптар мектебинде жашоо образын жакшыртуу үчүн окуп жатышат. Алар өз оорулары тууралуу көбүрөөк маалымат алып, көзөмөлдөөнү, оорунун өтүшүп кетпеши үчүн көрүлчү чараларды үйрөнүшөт.

Кыргызстанда кант диабетинин тигил же бул түрүнө чалдыккандар 240 миң адам экени божомолдонууда.