Бюллетендерди кол менен санаганда кайсы партия алдыга жылды? Жооп

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 520га жакынында бюллетендер эсептелди.

Ал эми автоматташтырылган системада 97,59% бюллетень саналды.

Ушул убакытка чейин кол менен саналган бюллетендердин жыйынтыгында «Ынтымак» партиясы 13,45%, «Ата-Журт Кыргызстан» 12,86%, «Ишеним» 11,36%, «Ыйман Нуру» 7,26%, «Эл үмүтү» 6,85%, «Альянс» 6,16%, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 4,14% добуш алып алдыда келатат.