Нурбек Насыранбеков жана анын студиясы “Бишкек-2022” жаңы жылдык символикасын иштеп чыкты

Бишкек шаарын жасалгалоодо улуттук оймо-чиймелер, жаңы жылдык фейерверктер жана карды бириктирген жаңы жылдык символдор колдонулат.

6a3bb218 93e3 49d2 86a5 0e69b62f8a3d Нурбек Насыранбеков жана анын студиясы “Бишкек-2022” жаңы жылдык символикасын иштеп чыкты

Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек мэриясы белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбековго жана анын студиясына “Бишкек-2022” жаңы жылдык символикасын иштеп чыкканы үчүн ыраазычылык билдирет.

d6f293e8 5559 48b5 8599 97288825150e Нурбек Насыранбеков жана анын студиясы “Бишкек-2022” жаңы жылдык символикасын иштеп чыкты

“Ала-Тоо аянтындагы башкы балатынын жасалгасы азыр кызуу жүрүп жатат”, – деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы майрамдын негизги символу болгон балатынын каркасын орнотууну улантууда, балатыга 1400 даана балаты бутактары илинет. Балатынын бийиктиги 25 метрди, диаметри 12 метрди түзөт.