Отуруп алышып «химия» жасашат: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоонун жыйынтыгын эки тараптуу кабыл алды

Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

«Эл катары шайлоонун жыйынтыгына көз салып турабыз. Өзүңөр күбө болгондой, добуштар саналып келе жатып токтоп калды. Азыр ушул жерден балекеттин баары жасала турган мезгил. Азыр алдыга чыккан 4 партия баары биригип, миллион добуш алды. Ал эми добуш берүү жыйынтыкталган учурда өлкө боюнча шайлоого 1 миллион 200 миңге жетпеген шайлоочу катышканы кабарланган.

Эгер 4 партия миллион добушту алып ала турган болсо, калган 3 партияга 200 миң шайлоочунун добушун кантип бөлүшөт? Азыр отуруп алышып «химия» жасашат. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоонун жыйынтыгын эки тараптуу кабыл алды. Биринчиден, эл тарабынан шайлоого карата абдан чоң кайдыгерлик болду. Калктын саны канча аз болбосун биз былтыркы эле алган добушка баратабыз.

Маселе башкада. Кечээ пайда болуп, аты—жыты жок, үгүт иштерин жүргүзбөгөн партиялар «Бүтүн Кыргызстандан» көтөрүлүп кеткенине түк акылым жетпей жатат. Кээ бир жерден сурасаң партиянын лидерин, программасын, жада калса курамында кимдер бар экенин билишпейт. Билбеген партияга ким добуш берет?», — деди Мадумаров.