ИИМдин 12 миңге жакын кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөшүүдө

Улан Ниязбеков: Ички иштер министрлиги шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоодо тиешелүү иш-чараларды уюштуруп, белгиленген тартипте кызмат өтөөдө

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков БШК тарабынан уюштурулган кечки саат сегиздеги брифингге катышып, учурдагы кырдаал боюнча төмөнкү маалыматтар менен коомчулукту тааныштырды:


Бүгүн, өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу жаңы эреже менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Бул шайлоо, буга чейинки шайлоолорго караганда өзүнүн эркиндиги, тазалыгы, калыстыгы менен айырмаланып, элдин тандоосуна ылайык өтүшү керектиги жөнүндө урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан тиешелүү Жарлыктар кабыл алынган.


Өз кезегинде, Ички иштер министрлиги элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн тиешелүү иш-чараларды уюштуруп, белгиленген тартипте ишке ашырып жаткандыгын билдирип өтмөкчүмүн. Элдин коопсуздугун камсыздоо, ар түрдүү укук бузууларга жол бербөө үчүн, республика боюнча ички иштер органдарынын 12 миңге жакын кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөшүүдө.


Анын ичинде, 2 миң 435 шайлоо тилкесинде 6 миңге жакын кызматкер жүктөлгөн милдеттерди аткарышууда. Кызматкерлер менен бирге, ички иштер органдарынын 500дөн ашуун ардагерлери эл арасындагы тартипти камсыздоого жакындан жардам беришкендигин белгилеп кетмекчимин. Учурдан пайдаланып, ардагерлерибизге Ички иштер министрлигинин, аны менен бирге жалпы кызматкерлердин атынан ыраазычылык билдирем.
Милициянын максаты – “Шайлоону коопсуз шартта тынч өткөрүүнү камсыздоо” болуп эсептелет жана бүгүнкү болуп өткөн шайлоодо аталган максаттарды ишке ашыра алдык деп айта алам. Себеби, шайлоо учурунда коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда одоно тартип бузуулар, массалык башаламандыктар жана элге жат көрүнгөн резонанс жараткан окуялар катталган жок.


Ошондуктан, ушул эфирден пайдаланып, жалпы коомчулукка, анын арасында коомдук тартипти камсыздоого кол сунуп жардам берген 4 миңден ашуун “Ыктыярдуу элдик кошуундун” бардык мүчөлөрүнө, өлкөбүздүн туруктуулуга салкын мамиле кылбай, жалпыга бирдей болгон тартипти, эпидемиялык жана коомдук эрежелерди туура карманган биздин жарандарыбызга “Кыргыз милициясынын” жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылыгымды билдирем.
Азыркы учурда, республиканын аймагында коомдук-саясий кырдаал туруктуу.

WhatsApp Image 2021 11 28 at 20.28.01 2 ИИМдин 12 миңге жакын кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөшүүдө

Жарандардан келип түшкөн чакырууларды ыкчам тейлеп, окуя болгон жерден изи сууй электе кылмыштарга, жоруктарга, ар түрдүү окуяларга бөгөт коюу үчүн 511 автоунаа менен күндүзгү жана түнкү кайгуулдар иш алып барууда. Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте тыгыз байланышта иштер жүргүзүлүп, эл арасында жалпы тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо иштери күчөтүлгөн баскычта улантылууда.
Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар бүгүн эртең мененки саат 08-00дөн, кечки саат 20-00гө чейин жалпысынан шайлоого байланышкан 68 факты катталган.


Катталган фактыларды бөлүп караганда, Бишкек шаарында-8, Чүй облусунда- 24, Ош шаарында-9, Ош облусунда-7, Баткен облусунда-6, Нарын облусунда-9, Талас облусунда-3, Ысык-Көл облусунда- 1 жана Жалал-Абад облусунда-1 факты катталган.
Аталган мыйзам бузуулардын бардыгы азыркы учурда жеринде териштирилүүдө жана жыйынтыктары мыйзамдарга ылайык сөзсүз түрдө чыгарылат (добуш сатып алуу, шайлоочуларды ташуу, шайлоого тоскоолдук жаратуу жана башка ушул сыяктуу маалыматтар катталган). Тактап айтканда, Бишкек шаарында 8 маалымат катталды, алар үгүттөө болду, добуш берүү тартибин бузуу, добуш сатуу жана административдик ресурсту колдонуу, Чүй облусу боюнча-24, алар үгүттөө болду, добуш берүү тартибин бузуу, добуш сатып алуу, шайлоочуларды автоунаа менен ташуу, айлык кармоо, Ош шаары боюнча 9 маалымат үгүттөө болду, добуш берүү тартибин бузуу жана жалган маалымат таратуу, Ош облусу боюнча 7 маалыматтын ичинен алар үгүттөө болду, добуш берүү тартибин бузуу жана шайлоочуларды автоунаа менен ташуу жана административдик ресурсту колдонду деген маалыматтар болду.

Ал эми Баткен облусу боюнча 6 маалымат болсо, алар үгүттөө болду, добуш берүү тартибин бузуу жана шайлоочуларды автоунаа менен ташуу. Нарын облусу боюнча 9 маалымат катталып, алар үгүттөө болду, добуш сатуу, добуш берүү тартибин бузуу жана шайлоочуларды автоунаа менен ташуу. Талас облусу боюнча 3 маалымат катталып, үгүттөө жана шайлоочуларды автоунаа менен ташуу, ал эми Жалал Абад обласусунда электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча бир маалымат катталды.


Аталган мыйзам бузуулардын бардыгы азыркы учурда жеринде териштирилүүдө жана жыйынтыктары мыйзамдарга ылайык сөзсүз түрдө чыгарылат.Бул көрсөткүчтөр акыркы көрсөткүчтөр эмес деп айта алам, анткени маалыматтарды өз учурунда милицияга кабарлай албай калган тараптар, анын ичинде байкоочулар, активдүү жарандар же партиялардын жана жеке талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан дагы кошумча маалыматтар билдирилиши толук мүмкүн.


Эгерде, шайлоо мыйзам бузуулары боюнча кошумча маалыматтар болсо, ички иштер органдарына кайрылыңыздар, келип түшкөн бардык маалыматтарга мыйзам чегинде чара көрүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз деп түз эфир аркылуу элге кайрылуу жолдоп кетмекчимин.Жалпысынан белгилеп өткөндө, коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укуктарын коргоо, эл арасында ар түрдүү туура эмес маалыматтарга, окуяларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдары тарабынан иш-чараларды жүргүзүү улантылып жаткандыгын билдирем. Ар түрдүү одоно тартип бузууларга, туура эмес такталбаган маалыматтарды таратып, элдин тынчын алууга жол берилбей тургандыгын кабарлайм.
Эгерде жогоруда аталган мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, ички иштер органдары тарабынан жеринде териштирүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам чегинде катуу чаралар колдонула тургандыгын билдиремин,- деди брифингди жыйынтыктап жатып Улан Ниязбеков.
Азыркы учурда өлкөнүн аймагында коомдук-саясий абал туруктуу, ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууну улантууда.

WhatsApp Image 2021 11 28 at 20.28.01 1 ИИМдин 12 миңге жакын кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөшүүдө

ИИМдин Басма сөз кызматы