Москва районунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери колго алынууда

Москва районунда “Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 25-ноябрь күнү саат 11:00дө Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кочмо-кабылдама милициянын мобилдик тобу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына барып, Чоң-Арык айылындагы орто мектептин имаратында «Жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулук жана укук бузууларды алдын алуу» деген темада тегерек стол болуп өттү.

WhatsApp Image 2021 11 26 at 13.11.08 Москва районунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери колго алынууда


Иш-чарага Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы жана анын орун басары, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, жалпы билим берүүчү мектептердин директорлору жана социалдык мугалимдери катышты.


Мындай жолугушууларды өткөрүүнүн максаты: жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, жана ошондой эле, күндүн темасы актуалдуу маселе болуп, бул жашы жете элек өспүрүмдөр арасында «Улак-тартыш» ат оюндарын өткөрүүдө балдардын жаракат алуусунун алдын алуу.

Акыркы учурда оюн учурунда жаш балдар денесине жаракат алгандын саны өсүү тенденциясы байкалып жаткандыктан, ата-энелер жана жашы жете элек балдардын өздөрү менен өмүр коопсуздугу жана ден соолук маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл болууда.
Иш-чаранын катышуучулары алдын алуу иштерине үй-бүлө жана жакын чөйрө тартылса, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга болот деген бүтүмгө келишти. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча билим берүү системасынын бардык органдарынын жана ата-энелердин биргелешкен макулдашылган иш-аракеттери гана жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун азайышына алып келет деген чечимге келишти.