Ишкерлерди тейлөө борбору ишке кирди

Бишкек шаарында ишкерлерди колдоо максатында Ишкерлерди тейлөө борбору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

61a0521c46047 Ишкерлерди тейлөө борбору ишке кирди

Билдирүүгө ылайык, борбордун расмий ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышышты.

ИТБда Бишкек шаарындагы ишкерлер тез жана толук кандуу кеп-кеңештерди жана кызматтарды алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү.

61a0521c4b625 Ишкерлерди тейлөө борбору ишке кирди

Тейлөө борборунда Салык кызматы менен биргеликте 9 мамлекеттик орган: Юстиция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бажы кызматы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргызпатент, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги, Баалуу металлдар департаменти, Тышкы миграция департаменти, “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик ишканасы, Тышкы соода борбору жана Ишкердикти өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы,«Айыл Банк», «Керемет Банк», «РСК Банк» сыяктуу мамлекеттик уюмдар ишкерлерге кызмат көрсөтөт.

61a0521bbd295 Ишкерлерди тейлөө борбору ишке кирди