Каракчылыкка шектүү кармалды

Москва районунда каракчылыкка шектүү кармалды
2022-жылдын 9-март күнү айматык ооруканга аял киши дене жаракаттары
менен жеткирилгендиги тууралуу маалымат Москва РИИБүнө келип түшкөн.
Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Москва РИИБдүн
ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү
аныкталып ал 1973-жылы туулган И.А.экендиги такталып, ал милиция
кызматкерлерине арыз менен кайрылган.

Анда бейтааныш 20-25 жаш курактагы
эркек бала күч колдонуп, баш тарабына бир нече жолу уруп, колундагы
сумкасын тартып алып белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко
чейинки өндүрүш иштери башталган.


Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери
тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы
кылмышка шектелип 1997-жылы туулган П.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу
кармоочу жайга камакка алынган. Учурда зарыл болгон экспертизалар
дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ответить всемОтветитьПереслатьПозвонить